Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

«Республика» партиясы Ош ОИИБнин маалыматын төгүндөөдө


Шайлоого добуш берүү жүрүп жатат. Каракол шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.
Шайлоого добуш берүү жүрүп жатат. Каракол шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.

«Республика» партиясы Ош облустук ички иштер башкармалыгынын партиянын үгүтчүлөрү добуш сатып алуу аракети үчүн кармалганы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарган билдирүү таратты. Анда:

«Бул кармоого да, партиянын үгүтчүлөрү дегенге да «Республика» партиясынын эч кандай тиешеси жок. Бул атайылап, добуш берүүнүн алдында партияны жаманатты кылган чагым экени айдан ачык», деп жазылган.

Партия өкүлдөрү күч түзүмдөрүн бул маалыматты так жана бейтарап иликтөөгө чакырып, бул маалыматты ким, кандай кызыкчылыгы үчүн таратып жатканын аныктоону талап кылууда.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы 1-октябрда Кара-Кочкор айыл аймагында белгисиз адамдар бир партиянын пайдасына акча таратып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөнүн 3-октябрда кабарлады. Ага ылайык, иликтеп-издөө иштеринин натыйжасында аталган айыл аймагынын алты тургуну өздөрүнүн айылдашына «Республика» партиясына добуш бериши үчүн 20 миң сом тапшырышканын аныкташкан. Акча далил буюм катары алынып, бул факт боюнча Жазык кодексинин 192-1-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүүгө алынганы маалымдалган.

Бүгүн, 4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG