Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Президент добуш сатуу көйгөйү ойлонтуп жатканын билдирди


Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодо аны ойлондурган маселе - добуш сатуу көйгөйү болуп жатканын айтып, жарандарды мыйзам бузбоого чакырды. Бул тууралуу 3-октябрда "Биринчи радиого" берген кезектеги интервьюсунда билдирди.

"Өзүнүн, балдарынын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам добуш сатпайт. Бул мамлекеттин келечегине, балдарынын келечегине, өзүнүн келечегине балта чабууга барабар",- деди Жээнбеков.

Ошондой эле президенттик администрациянын шайлоого даярдык көрүү жараянына аралашканы минималдык даражада болгонун жана өкмөт көз карандысыз түрдө иш алып барганын белгиледи.

Кыргызстанда жарандык коом жана шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери бийликчил партиялардын өкүлдөрү элге акча таратып, добуш топтоо аракетин көрүп жатканын бир канча ирет айтышкан.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышат. (SE)

XS
SM
MD
LG