Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Ошто адамдар бир үйгө добуш берүүгө чогулганы айтылган окуя боюнча БШК укук коргоо органдарына кайрылды


Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде адамдар тобу менен барып, добуш берүүгө чогулганы тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахматова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, тергөө тобу айтылган дарекке барганда ал үйдө той өтүп жатканы аныкталган.

Бирок T-Media басылмасы жарыялаган ыкчам видеодо эл чогулган үйдө добуш берүүчү урна коюлганын, милиция кызматкери карап турганын көрүүгө болот.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда.

Жекшембиде үгүт иштери токтотулуп, шайлоо участкасына бара албай турган 29010 адамдын добушун көчмө урна аркылуу чогултуу башталган. Бул жараян эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин уланат.

"Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек. Алар: улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер. (SA\DU)

XS
SM
MD
LG