Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

БШКга 360тан ашуун адам чалып мыйзам бузуулар тууралуу айтты


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ыкчам байланыш номуруна 3-октябрда 360тан ашуун адам чалып, мыйзам бузуулар тууралуу эскертти.

Андан тышкары, добуш сатып алуу, административдик ресурска каршы укук коргоо органдары менен биргеликте иштеген ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топко ушул эле күнү алты арыз түшкөн. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 партия ат салышууда.

3-октябрда эртең менен саат сегизде үгүт иштери токтотулган. Бул күнү партиялар жана талапкерлерге үгүт жүргүзүүсүнө тыюу салынат.

Ушул күнү шайлоо участкасына бара албай турган 29010 адамдын добушун көчмө урна аркылуу чогултуу башталды. Бул жараян эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин уланат.

"Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылышы керек. Алар улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер. (SE)

XS
SM
MD
LG