Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:40

Алиев Тоолуу Карабак боюнча Баку сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжан президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы жаңжалды жайгаруу жаатында сүйлөшүүлөргө Баку дайыма даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу "Аль-Жазира" телеканалына берген интервьюда айтканын 3-октябрда "Интерфакс" жазды.

Алиев Тоолуу Карабактагы конфликтке Армениянын деструктивдүү саясаты негиз болуп жатканын, ошондуктан көп жылдардан бери абал чыңалып келгенин белгиледи.

2-октябрда Армения Тоолуу Карабактагы атышууну токтотуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алкагында Минск тобу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин билдирген.

Ереван Азербайжандын Тоолуу Карабакта курал колдонушун жана Түркиянын бул чатакка аралашып жатканын айыптаган.

Буга чейин БУУ, Европа Биримдиги баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө жаатташкан тараптарды Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин тезинен токтотууга чакырышкан.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабак аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан 100дөн ашык адам, анын ичинде жайкын тургундар мерт болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG