Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Активист Улан Үсөйүн аны белгисиз кишилер аңдып жүргөнүн билдирди


Улан Үсөйүн (ортодо) Бишкекте коррупцияга каршы уюштурулган акциялардын биринде.

Жарандык активист, «Баштан башта» кыймылынын лидери, коррупцияга каршы бир канча акциялардын уюштуруучусу Улан Үсөйүн артынан белгисиз кишилер аңдып жүргөнүн билдирди.

Бул тууралуу 1-октябрда социалдык тармактагы баракчаларга жазып, бул анын саясий көз карашына байланыштуу болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Алардан коркпой турганын айткан Үсөйүн досторунун, тарапташтарынын жардамына, колдоосуна муктаж экенин кошумчалады.

27 жаштагы Улан Үсөйүн тең укуктуулукка чакырган, коррупцияга каршы ачык билдирүүлөрдү жасап, жемкорлукка каршы «REАкция» деп аталган үч жолку акциянын уюштуруучусу катары белгилүү. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG