Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

Шайлоонун эртеси Ош шаарынын 3020 жылдыгы белгиленет


2018-жылы Ош шаарынын күнүнө карата уюштурулган жармаңкеде тартылган сүрөт.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам 5-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулбайт. Бирок борбордук аянтта театрлаштырылган концерт болорун, ага саналуу гана кишилер келерин мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Майрам кечинде салют атуу менен жыйынтыкталат.

Cалтанат жергиликтүү телеканал аркылуу жана Интернеттеги социалдык желелерде түз көрсөтүлөт.

Шаар майрамынан бир күн мурда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Ош шаарынын күнүн 5-октябрда белгилөө 2000-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Ошол жылы калаанын 3000 жылдыгына арналган кеңири масштабдуу иш-чаралар аяктаган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG