Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Дональд Трамп президенттик милдетин ооруканада уланта берет


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

2-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Мериленд штатындагы Уолтер Рид улуттук медицина борборуна тик учак менен жеткирилди.

Буга чейин Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп короновариуска чалдыкканы тууралуу маалымат тараган. Ак үйдүн маалымат кызматы президент медициналык адистердин кеңеши менен "алдын алуу чарасынан" улам ооруканага жаткырылганын билдирди. Трамп ооруканада бир нече күн болот деп пландалган.

"Вашингтон пост" Ак үйдөгү эки расмий адамга шилтеме берип, Трамптын өпкөсүнүн кагынышы орточо даражада экенин, жөтөлүп жана мурду бүтүп жатканын жазды.

Трамптын айласында жүргөндөрдүн ичинен коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Бул болсо жогорку бийликтин чөйрөсүндө жугуштуу илдет тарап кетпесин деген кооптонууну пайда кылып жатат.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага Дональд Трамп жана Жо Байден ат салышууда.

Коронавирус менен ооруган жана көз жумган адамдардын саны жагынан АКШ дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Жон Хопкинс университетинин эсебинде, Кошмо Штаттарда өпкөсү сезгенип ооругандар жети миллион кишиден ашып, 208 миңге чукул бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG