Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

БШК белги коюлган беткап маселесин аныктоо иштерин жүргүзүп жатат


Айрым добуш берүү участокторунда шайлоочуларга белгиленген беткап таратылып жатканын, аны кийип киргендерге атайын белгиленген беткап берилип жатканы тууралуу маалыматтарды Боршайком тактап жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров бүгүн, 4-октябрда журналисттерге билдирди. Шайназаров шайлоо өнөктүгүнүн алдында жалпысынан 129 иш бирдиктүү реестрге катталганын билдирди:

«Мунун көпчүлүгү Жазык кодексинин 192-беренеси ("Добуштарды сатып алуу аракети, шайлоочунун добуш берүү укугун бузуу аракети") боюнча сотко чейинки териштирүүдөн алынган. Араван районундагы окуя боюнча сиздерге белгилүү, чырга себепкер болгон эки талапкерди БШК тизмеден чыгарды. Ал эми кагылышууга катышкан адамдар кармалып, камалган».

Шайлоо өнөктүгү алдында жалпысынан БШКга мыйзам бузуу боюнча 300гө жакын маалымат келип түшкөн. Боршайком анын баары иликтенип жатканын билдирүүдө.

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Ага 16 партия ат салышууда.

4-октябрь, саат 10:00гө карата жалпы шайлоочулардын 6,172% же 236 921 шайлоочу добуш берди.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн Кыргызстанда 2430 тилке уюштурулган. Андан тышкары дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участогу даярдалды.

Ошондой эле Ош шаарында 10 жана Москва шаарында бир шайлоо участогу кошумча ачылган. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG