Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:32

БШК: Шайлоочулардын 52% ашыгы аялдар


Парламенттик шайлоо.
Парламенттик шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочулардын гендердик жана жаш курагына байланыштуу маалыматын чыгарды. Ага ылайык жалпы добуш берүүчүлөрдүн 52, 26% аялдар, 47,74% эркектер түзөт. 70 жаштан улуулар 4,47%, 60-69 жаштагылар 9,67% болсо, эң көп добуш берүүчүлөрдүн курагы 18 жаштан 29 жашка чейинкилер, алар 29,67% түзөт.

Ал эми 16 партиянын тизмеси менен мандат үчүн ат салышып жаткан талапкерлердин 1339у эркек, 636сы аял экени кабарланды.

Кыргызстан 4-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоо учурунда санитардык абалга өлкө боюнча беш миңден ашык медицина кызматкери көз салууда. Шайлоочулардын арасында санитардык, гигиеналык тазалыкты сакташ үчүн үч миллион 410 миң кошумча беткап бөлүнгөн.

Дене табы жогору адамдар добушканаларга кечке маал кирип, добуш бере алышат. Кыргызстан пандемияга байланыштуу март айынан бери өзгөчө абал шартында жашап жатат.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 16 партия ат салышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG