Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Коронавируска чалдыккан Трамп абалы жакшы экенин билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Вашингтондун жанындагы аскердик госпиталда коронавирустан дарыланып жаткан АКШнын президенти Дональд Трамп өзүн жакшы сезип жатканын, шайлоо өнөктүгүн аягына чыгарыш үчүн жакын арада кайтып келерин жарыялады.

Ал «Твиттердеги» баракчасына 3-октябрда жарыялаган үч мүнөттүк видеодо алдыдагы бир нече күн «чыныгы сыноо» болорун айтып, айыгып кетишин каалагандарга ыраазычылык билдирди.

«Биз коронавирусти жеңебиз», - деди АКШнын президенти.

Ак үй Дональд Трамп вируска каршы ремдесивир дарысын ичип жатканын жана ооруканадагы бардык шарты бар президенттик бөлмөдөн иштесе болорун билдиришти.

Буга чейин Трампты дарылап жаткан дарыгерлер АКШ президентинин абалы жакшы экенин, дене табы көтөрүлбөгөнүн билдирген. Бирок алдыдагы эки күн 74 жаштагы Трамп үчүн оор болорун дарыгерлердин бири айткан эле. Дарыгерлер Дональд Трамп кычкылтек аппаратынын жардамына муктаж болгону боюнча суроого жооп берүүдөн баш тарткан.

Ал ортодо Трамптын айласында жүргөндөрдүн ичинен коронавируска чалдыккандар көбөйүүдө. АКШ президенттигине талапкерлердин дебатына даярданууга жардам берген Республикалык партиянын мүчөсү Крис Кристи коронавируска чалдыкканы аныкталды. Мындан сырткары 3-октябрга карата төрт республикачы-сенатор коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду. Бул болсо жогорку бийликтин чөйрөсүндө жугуштуу илдет тарап кетиши ыктымал деген кооптонууну пайда кылып жатат.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Ага Дональд Трамп жана Жо Байден ат салышууда. Трамп жана анын аялы Мелания Трамп вирус жугузуп алганы эки күн мурун белгилүү болгон. Президенттик шайлоого бир ай калганда АКШ президентинин вирус жугузуп алганы анын өнөктүгүнө таасир тийгизери айтылып жатат.

Коронавирус менен ооруган жана көз жумган адамдардын саны жагынан АКШ дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Жон Хопкинс университетинин эсебинде, Кошмо Штаттарда өпкөсү сезгенип ооругандар жети миллион кишиден ашып, 208 миңге чукул бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG