Баткен районунда шайлоого добуш бериш үчүн барган бир кишинин дене табы жогору экени аныкталып, коронавирус жуккан деген шек менен добушканага киргизилбей ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Баткен облусундагы өкүлү маалымдады.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги дене табы жогору адамдар добушканага киргизилбей турганын маалымдаган эле. БШК 4-октябрда тараткан билдирүүсүндө дене табы жогору шайлоочулар кечке маал өзүнчө добуш бере аларын жарыялаган. Ага чейин Акыйкатчы институту БШКнын дене табы жогоруларды добушканага киргизбеген чечимине каршы чыгып, БШКга бир нече ирет кат жазган.
Кыргызстанда 4-октябрда парламенттин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо COVID-19 пандемиясынын шартында өтүп, беш миңден ашуун медицина кызматкери шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөдө.
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 244 кишиден лабораториялык жол менен табылды.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 4-октябрда билдиргендей, илдет жугузуп алгандар Жалал-Абад облусунда басымдуулук кылат. Бир күн аралыгында Жалал-Абадда 79, Ош облусунда 62, Баткен облусунда 33, Бишкекте 26, Ошто 25, Чүй облусунда сегиз, Ысык-Көл облусунда алты, Нарын облусунда үч, Талас облусунда эки кишиден вирус табылды. Акыркы күндөрү өлкөдө коронавируска чалдыккандар барган сайын көбөйүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 066 киши болду (18-августка чейин 1498 киши каза болгону айтылып жаткан).
Март айынан бери вирус жугузуп алгандар 47 428 кишиге жетти. Анын 43 418и айыкты. Учурда 1078 бейтап стационарларда, 1411 киши үй шартында дарыланууда. (JsA/ BCh)