Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:15

Шайлоо-2020: Добуш берүүдөгү мыйзам бузуу боюнча видеотасмалар тарап жатат


Добуш бериш үчүн кезекте турган шайлоочулар. Бишкек шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.

Ош шаарындагы №5115 шайлоо участогунда шайлоочу бюллетенди сүрөткө тарткан. Анда «Биримдик» партиясына добуш бергенин көрүүгө болот. Ошондой эле шаардагы №5314 шайлоо участогунда Улан аттуу адам добуш берүүгө кирип чыккан адамдарды сурап, добуш бергендерге акча берип жатканы видео тасмага түшүп калган.

«Фейсбукта» «Мекеним Кыргызстан» партиясына берген добушун телефонуна тартып алган шайлоочу кызды башка партиялардын байкоочулары кармап алып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен кошо акт түзүүнү талап кылып жатышканы тууралуу да видео тасма тарады. Тасманы «Ата Мекен» партиясынын талапкери Сейтек Качкынбай бөлүштү.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова бөлүшкөн видеотасмада «Коронавирусту токтот» деген жазуусу бар беткаптар менен бирге эки миң сомдон акча берилип жатканы тууралуу айтылган. Тасмадагы адам «мунун артында «Биримдик» партиясы турат» деп ырастаганын угууга болот.

Каракол шаарында айрым участоктордо добуш берип чыккан адамдарга белгисиз автоунаанын ичинде тизме менен акча таратылып жатканы тууралуу тасма да социалдык тармактарга жарыяланды.

Ушундай эле доомат менен арыздар бүгүн, 4-октябрь күнү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө түшүп жатканын БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров журналисттерге билдирди. Ал мындай мыйзам бузуу күч түзүмдөрү менен кошо иликтенип, тиешелүү адамдар жоопкерчиликке тартыларын айтты.

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн Кыргызстанда 2430 тилке уюштурулган. Андан тышкары дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участогу даярдалды. Ошондой эле Ош шаарында 10 жана Москва шаарында бир шайлоо участогу кошумча ачылган.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG