Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

БШК: Мыйзам бузуу тууралуу маалыматтар тийиштүү жактарга жөнөтүлүп жатат


Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бүгүнкү добуш берүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу маалыматтар келип түшүүдө, алардын баары тийиштүү жактарга жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, азырынча кайрылгандардын так саны белгилүү боло элек.

«Азыр санын айта албайбыз. Келип түшкөн арыз-даттануу жана кайрылууларды тиешелүү жумушчу топторго жөнөтүп жатабыз. Ошол топтордун алкагында каралып, керек болсо БШКнын, керек болсо ыкчам чара көрүш үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлөт», - деди ал.

Бүгүн Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүүдө. Социалдык түйүндөрдө шайлоочуларды топ-тобу менен ташып келүү, алардын добуш берип жатканын көзөмөлдөө, акча таратуу болуп жатканы тууралуу видео жана сүрөттөр тарап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG