Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

БШК Ошто мурдатан белги коюлган бюллетень тууралуу маалыматты текшерет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ошто шайлоочуга белги коюлган бюллетень берилгени тууралуу маалыматты текшерет. Бул тууралуу 4-октябрда «Азаттыкка» БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

Ош шаарындагы №5551 шайлоо участогунда «Биримдик» партиясынын тушуна белги коюлган бюллетень менен добуш бергени бараткан шайлоочу тууралуу видео Интернетке тарады. Анда «Т-Медиа» басылмасынын журналисттери шайлоочуга алдын-ала белгиленген бюллетень берилгенине күбө болушканы айтылууда.

Бюллетень таратып жаткан кызматкер муну атайын жасабаганын билдирди, калгандарын текшергенде белги коюлбаганы аныкталды.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 саясий партиядан эки миңден ашуун талапкер ат салышууда.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө бюллетенин чөнтөк телефонуна сүрөткө тартып алгандар, журналисттерге тоскоолдук кылгандар, шайлоочуларды топ-тобу менен ташып келгендер саяктуу мыйзам бузуу жөнүндө маалыматтар тарап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG