Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Таласта шайлоочулардын 57,4% добуш берди


Парламенттик шайлоо
Парламенттик шайлоо

Талас облусу боюнча шайлоого катышкандардын көрсөткүчү 57,4% болду. Баштапкы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын 18,75% “Мекеним Кыргызстан”, 17,92% “Биримдик”, 10,42% “Кыргызстан” партияларына добуш беришти. Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын 7 миңден ашыгы Талас шаарындагы тилкелерде эле.

Шайлоонун болжолдуу жалпы жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык шайлоочулардын 50,78% добуш берүүгө катышты. Брифингде электрондук-автоматтык эсептин баштапкы жыйынтыктары көрсөтүлүп жатат. Эсептер улам өзгөрүүдө.

Шайлоодо өлкө боюнча 2 430, чет мамлекеттерде 45 добушкана иштеди. Баштапкы эсеп боюнча шайлоого үч миллион 523 554 шайлоочунун 1,5 миллиондойу катышты.

Шайлоого катышкандардын саны боюнча Ош шаары алдыда. Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында да активдүүлүк байкалды. (AiA)

XS
SM
MD
LG