Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча саат 21:30га карата «Биримдик» партиясы 24%, «Мекеним Кыргызстан» партиясы 24,01% менен алдыда келе жатат.
Үчүнчү болуп «Кыргызстан» партиясына добуш бергендер саналууда, алар 8, 78% түздү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7, 04% добуш алды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, алдын ала эсептөөлөр шайлоо тилкелеринин 82% алынды. (BCh)