Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Башкы прокуратура: шайлоо күнү 25 мыйзам бузуу фактысы катталды


Добуш берүү учуру. Бишкек шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.
Добуш берүү учуру. Бишкек шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.

4-октябрда парламенттик шайлоого добуш берүү учурунда 25 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул маалыматты Башкы прокуратура 5-октябрда басма сөз жыйынында кабарлады. Ага ылайык, добуш берүү күнү 25 факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алардын 18 учуру Жазык кодексине, калганы Жоруктар кодексине тиешелүү иш катары катталды.

Мыйзам бузуулардын ичинен 13 факт добуш сатып алуу боюнча. Учурда бул иштердин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары №2 форма боюнча беш арыз түшүп, анын төрттөө тергелип жатканы, бир иш далил жетишсиз болгондуктан кыскартылганы кабарланды.

Башкы прокуратуранынын маалыматына караганда, жалпы шайлоо өнөктүгүндө 138 арыз Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG