Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Ала-Тоо аянтындагы митингде кайрадан чуу чыкты


Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткан митингде кайрадан чуу чыкты.

Трибунада «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатканда «Чоң Казат» партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев микрофонду тартып алууга аракет кылды. Ортодо кайым айтышуу чыгып, ага сөз берилген жок.

Бир нече убакыттан кийин Жапыкеев кайрадан сөз алып, акцияны токтотпоого чакырды.

Бүгүнкү митинг алгач Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын кеңсесинин алдында башталган. Апрель ыңкылабынын курмандыктарына коюлган эстеликтин жанында «Социал-демократтардын» өкүлдөрү сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгын сындап жатканда «апрелчилербиз» деген топ келип, тоскоолдук кылышкан. Ушундан улам «социал-демократтар» борбордук аянтта өтүп жаткан башка партиялардын нааразылык акциясына кошулушкан.

Азыр митинг уланууда. Аянттан жүздөгөн адамдарды көрүүгө болот.

Трибунада сүйлөгөндөр шайлоо өнөктүгү маалында да ар кандай чагымдар болгонун белгилеп, бирин бири ынтымакка чакырууда.

Трибунага чыгып сүйлөп жаткандардын арасынан «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот. Бул партиялардын өкүлдөрү митингде шайлоо тыянагына каршы бириккенин митингдин башталышында дагы бир жолу жарыялашкан. Алар башка партияларды да өздөрүнө кошулууга чакырышты.

Митингде «Президент кетсин», «Матраимов камалсын», «Биримдик» кетсин» деген ураандар айтылды.

Ал эми саат 14:00дө Бишкекте шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган дагы бир митинг башталды. Аны «Ата Мекен», «Реформа», «Замандаш» жана «Бир Бол» партиялары өткөрүүдө.

4-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары билдиришкен. «Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (RK/BTo/ZKo)

XS
SM
MD
LG