Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Шайлоо-2020: Опера жана балет театрынын жанында дагы төрт партиянын митинги өтүп жатат


Бишкек. «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын акциясы. Бишкек шаары, 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. «Ата Мекен» жана «Республика» партияларынын акциясы. Бишкек шаары, 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектеги Опера жана балет театрынын имаратынын жанында 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жокко чыгарууга чакырган митинг башталды. Трибунадан «Ата Мекен», «Республика», «Замандаш» жана «Бир Бол» партияларынын лидерлерин, өкүлдөрүн көрүүгө болот.

Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып, ага бир күч менен катышарын билдирип жатышат.

Митингчилер шайлоо калыс эмес жана ыплас өткөнүн белгилеп, элди жер-жерлерде мыйзам чегинде каршылык билдирүүгө чакырышууда.

«Шайлоо жокко чыксын!», «Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!», «Күрөш башталды!» «Туугандашкан система Бакиевдин бийлигинен ашып кетти!», «Шайлоонун алдында биригишибиз керек эле, азыр да кеч эмес» деген ураандар айтылууда.

Ушу тапта Бишкектин Ала-Тоо аянтында да шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого үндөгөн митинг өтүп жатат. Трибунага чыгып сүйлөп жаткандардын арасынан «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG