Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Нарында «Республика» жана «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү нааразылык акциясына чогулушту


Нарындагы нааразылык.
Нарындагы нааразылык.

Ушул тапта Нарын облустук администрациясынын алдына 100дөн ашык киши топтолду. Акцияда «Республика» партиясынын талапкери Илгиз Сарылдык уулу, «Ата Мекен» партиясынын талапкери Эрлан Аскаров сөз сүйлөп жатышат. Алар «шайлоо ыплас өттү, жапырт добуш сатып алуу болду» деп билдирүүдө. Нааразы болгондорду тобу мөөнөтсүз митинг жарыялады.

4-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясына чогуу чыгарын «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары билдиришкен. «Бир Бол» партиясы да оппозициялык блокко кошуларын маалымдаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (Mik)

XS
SM
MD
LG