Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Нарын облусунда шайлоочулардын 51% добуш берди


Нарындагы шайлоо тилкеси.
Нарындагы шайлоо тилкеси.

Нарын облусу боюнча кечки саат 18:00гө чейин шайлоочулардын 51% добуш берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Нарындагы өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, шайлоо күнү аймактык шайлоо комиссиясына мыйзам бузуу тууралуу расмий арыз түшкөн эмес.

Оозеки беш тургун кайрылган. Алар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үкөктөрдүн жанына туруп алышты, санитардык эрежелерди сактабай жатат деген сыяктуу көрүнүштөргө нааразы болушкан.

Буга чейин Нарын шаарындагы №4068 шайлоо тилкесине баргандар кезекти эки сааттан ашык күткөнү тууралуу видеолор социалдык медиага тараган эле.

Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны - 189114. (MiK)

XS
SM
MD
LG