Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Түркия Кыргызстанды парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады


Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өткөнү менен куттуктаган маалыматты сайтында жарыялады.

«Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болушун каалайбыз. Шайлоонун жыйынтыгында түзүлө турган өкмөт биздин эки тараптуу мамилелерибиздин жана стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз», деп жазылган маалыматта.

Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликте жана Стамбулдагы башкы консулдукта добуш беришти. Бул эки тилкеде жалпысынан 1218 шайлоочу катталган. Анкарада 714, Стамбулдагы башкы консулдукта 504 шайлоочу болгон.

Түркиянын Стамбул шаарындагы добушканада 151 адам добуш берген. Протоколго ылайык, «Реформа» партиясына 32, «Ата Мекенге» 20, «Ыйман Нуру» партиясына 13 жаран добуш берген. Ал эми Анкара шаарындагы тилкеде 93 шайлоочу гана добуш берген.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алакаларды түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (ElB)

XS
SM
MD
LG