Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:04

Ташиев: Шайлоо өтө ыплас өттү, тез арада кайра шайлоо өткөрүш керек


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

«Мекенчил» саясий партиясы 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна партиянын лидери Камчыбек Ташиев билдирди. Ал тез арада жаңы шайлоо өткөрүү зарыл деп эсептейт.

«Парламенттик шайлоо өтө ыплас жүргөнүн бүт эл көрдү, - деди ал. - Муну бир же он адам айтып жаткан жок. Бүт эл айтууда. Ошондуктан жыйынтыгын жокко чыгарып, тез арада кайрадан шайлоо өткөрүшүбүз керек».

Ташиев ушу тапта Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан нааразылык акциясына барды.

Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

«Мекенчил» партиясы, баштапкы маалыматка караганда, добуш берген шайлоочулардын жалпы санынын 6,85% добушун алды.

Боршайком шайлоону таза өткөрүш үчүн бардык шарт түзүлгөн деп эсептейт. Өкмөт мыйзам бузулган учурлар болгонун, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир этпей турганын билдирди. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG