Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Кенжебек Бокоев: Ондогон адамдар Таластан Бишкекке жөнөдү


Таластагы нааразылык акциясы.
Таластагы нааразылык акциясы.

«Республика» партиясынын талапкери Кенжебек Бокоев 5-октябрда Талас шаарында өткөн тынчтык митингдин катышуучулары Бишкекке жол тартканын «Азаттыкка» билдирди.

«Бүгүнкү митингге жүздөгөн кайдыгер эмес таластыктар келди. Анда шайлоону тааныбайбыз деген резолюция кабыл алдык», - деди ал.

5-октябрда Талас шаарында тынчтык митинги болуп, ага «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Реформа», «Социал-демократтар» партияларынан 500гө жакын адам чогулган.

Талас облусунда 4-октябрдагы Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы 21,72%, «Биримдик» 19,21%, «Республика» 19,15% добуш алган.

Шайлоо күнү облуста №2 форма менен добушканага барган шайлоочулардын айынан узун кезек пайда болуп, бир нече мыйзам бузуу да катталган. (AiA)

XS
SM
MD
LG