Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Европада коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилүүдө


Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирустун кескин жайылышына каршы катаал эрежелерди киргизип жатат. Францияда соңку эки күндө инфекцияланган дагы 30 миң киши катталды. Бул өлкөнүн түштүгүндөгү Эксан Прованс жана Марсел шаарлары жана айланасындагы конуштар кооптуу «кызыл зона» деп жарыяланды.

Британияда болсо элдин чогулушуна, массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди, 66 миллион калктын дээрлик үчтөн бир бөлүгү жергиликтүү карантинге алынган.

АКШнын Нью-Йорк шаарынын мэри 4-октябрда калаанын тогуз району жуманын аягынан баштап жабылышы мүмкүн экенин билдирди. Ал ортодо коронавирус жугузуп алган АКШнын президенти Дональд Трамп жекшембиде ооруканадан чыкты. Коронавирус АКШда 7,4 миллион кишиге жугуп, 209 миң бейтаптын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG