Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

БШК: шайлоонун акыркы жыйынтыгы 20 күн ичинде жарыяланат


Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын 20 күн аралыгында жарыялайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, учурда добуштарды кол менен эсептөө жараяны уланууда.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова да бүгүн, 5-октябрдагы брифингде мыйзамдын негизинде акыркы жыйынтык шайлоо күнүнөн 20 күндөн кечикпей чыгарылып, жарыялана турганын кабарлады.

«Добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгын чыгаруу, аныктоонун конституциялык мыйзамда бекитилген мөөнөтү бар. Мыйзамга ылайык 20 күндөн кечикпей жарыяланышы керек. Бул мезгилде шайлоо тилкелеринде жыйынтыктарды чыгаруу жараяны жүрөт. Андан кийин үч күн аралыгында аймактык шайлоо комиссияларында добушканалардагы шайлоонун жыйынтыгына карата берилген арыздар каралышы мүмкүн», - деди Шайлдабекова.

БШКнын баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү.

Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан. Бишкекте босого чектен өтпөй калганы айтылган партиялардын тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган акция өткөрүп жатышат. 12 партия шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу, кайра шайлоону жарыялоо тууралуу талапты БШКга жиберди.

БШК жараянды таза өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG