Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:39

Темир Сариев: Абал туңгуюкка кептелди


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан саясий жактан туңгуюк абалга кептелди деп эсептейт. 5-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» телекөрсөтүүсүндө сүйлөп жатып ал парламенттик шайлоодо көп добуштар сатылганын, жер-жерлерде административдик ресурс үстөмдүк кылганын жана форма №2 менен шайлоо сыяктуу орой мыйзам бузуу болгонун белгиледи:

«Эки партия 92 мандатты бөлүп алат деп көптөр күткөн эмес. Бийликтин үч партиясы өтүп, төртүнчү партияга 13 орун берилди. Саясаттагы абал туңгуюкка кептелди. Бириккен партиялар президентке жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу талап коюшту. Эгер президент жана БШК ошого барса, анда бийлик өзүнө өзү өкүм жазган болот. Эки жак тирешип калды – эл менен күч органдарынын кечинде көчөдөгү кагылышуусу ушунун кесепети. Ахыбал кыйын. Жолун табуу да өтө оор».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анда «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жетишкени жарыяланды. Жалпысынан шайлоого 16 партия катышкан.

5-октябрда 12 саясий партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Алардын миңдеген тарапкерлери Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүштү. Кечинде милиция атайын каражаттарды колдонуу менен аларды аянттан кетирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айтты. Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирди.

Соңку маалыматка караганда, митингчилерди таркатуу операциясы учурунда кеминде 16 адам жараат алды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG