Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Мухтар Аблязов Францияда саясий башпаанек алганы кабарланууда


Мухтар Аблязов.
Мухтар Аблязов.

Бозгундагы казакстандык саясатчы Мухтар Аблязов Францияда саясий башпаанек алганы кабарланууда. Франциянын Башпаанек укугу боюнча улуттук соту ушундай чечим чыгарганын «Le Monde» басылмасы жазып чыкты.

Саясий башпаанек алганы боюнча маалыматты «Азаттыктын» казак кызматына Мухтар Аблязов ырастады.

«Le Monde» басылмасы жазгандай, Аблязовго башпаанек берүү боюнча чечим 29-сентябрда кабыл алынган. Улуттук сот оппозициячыл саясатчынын арызын бир нече ай караган. Ага чейин 2018-жылы Франциянын качкындар жана жарандыгы жок адамдардын иши боюнча башкармалыгы Мухтар Аблязовдун башпаанек алуу боюнча арызын четке каккан эле.

БТА банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен. Мекенинде аны «БТА банктан миллиарддаган долларларды уурдап алып чыгып кеткен» деп айыпташат. Издөө жарыялангандан кийин Аблязов Францияда кармалып түрмөгө камалган. Ал жерде үч жыл отуруп бошонуп чыккан. Казак бийлиги Аблязовду өлкөгө кайтаруу үчүн аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG