Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Абылаев: Жогорку Кеңештин ичи талкаланды


Президент Сооронбай Жээнбековдун кабинетине кирип баргандар.
Президент Сооронбай Жээнбековдун кабинетине кирип баргандар.

Президенттик администрация менен Жогорку Кеңештин имаратына кирип барган митингчилер «Ордо» партиясынын лидери Мээрбек Мияровду комендант кылып дайындашты. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Тимур Абылаев «Азаттыкка» билдирди.

«Ак Үйдүн ичин талкалап салышты. Терезелер, идиштер, компьютерлер талкаланып, чачылды. 2010-жылдагы көрүнүш кайра кайталанды. Эл катуу ыза болуп, ачуусу келип калган экен. Анткени элге ок атылып, жабыркагандар көп болбодубу», - деди Абылаев.

Ал ошондой эле «имарат ичинде эл көп, тартипти сактаганга аракет кылып атабыз» деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG