Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Митингге чыккандар КТРКдан түз эфир талап кылышты


Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.

Коомдук телеканалдын имаратынын алдында ушу тапта 20дай киши түз эфир талап кылып турушат. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда, алар каналдын жетекчилиги менен телефондон сүйлөштү.

Аларга телеканал эфир берүүгө макул болгону кабарланды. Учурда алар каналдын студиясына кирип жайгашты жана элге кайрылганы турушат. Муну менен алар элге маалымат жеткирүүнү көздөй турганын айтышты.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин тынчтык акциясы массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG