Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

Терек-Сайда чет элдик кен казуучулардын иши токтоду


Терек-Сай алтын кени
Терек-Сай алтын кени

Чаткал районунун Терек-Сай шаарачасындагы алтын кенин иштеткен түркиялык компания жергиликтүү элдин талабы менен кен казуу иштерин токтотту. Бул тууралуу аталган шаарчанын башчысы Болотбек Ашырбаев "Азаттыкка" билдирди.

"Алтын кен казган түркиялык ишкананын жетекчилигине жергиликтүүлөрдүн бир тобу барып, азыркы кырдаал жөнгө салынгыча кен казууну токтотуу талабын койду. Ишкерлер талапка макул болду. Эки жактын кагылышуусуна алып барбай, маселени тынчтык жолу менен чечтик", - деди.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай алтын кенин 28-сентябрда Түркиялык «Eti bakir» компаниясы иштетиш үчүн 180 миллион доллар инвестиция салып, пайдубалы түптөлгөн. Терек-Сай айылындагы алтын кен фабрикасынын курулушу 26-сентябрда премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын катышуусунда башталган.

Анда курулуш учурунда 1000ден ашуун адам иш менен камсыздалары, ишкана эксплуатацияга берилгенде 650 туруктуу жумуш орду түзүлүп, анын 90% жергиликтүү тургундар болору айтылган. «Eti Bakir» Түркиядагы «Cengiz Holding» компаниясына карайт.

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Ашуу (Перевальное), Терек жана Тереккандагы кендеринин капиталынын 75% «Eti bakir» компаниясына, 25% «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

"Кыргызалтын" ишканасынын маалыматына караганда, бул аймактарда жалпы 70 тоннадай алтындын запасы бар. (BCh/TB)

XS
SM
MD
LG