Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Түркиялык компания Терек-Сай кенине 180 миллион доллар инвестиция салат


Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна премьер-министр Кубатбек Бороновдун капсула салуу учуру. 26-сентябрь, 2020-жыл.
Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабриканын курулушуна премьер-министр Кубатбек Бороновдун капсула салуу учуру. 26-сентябрь, 2020-жыл.

Түркиялык «Eti bakir» компаниясы Чаткал районундагы Терек-Сай алтын кенин иштетиш үчүн 180 миллион доллар инвестиция салат.

Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 28-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, компаниянын инвестициясынын эсебинен Терек-Сай айылында кен казуучу ишкана курула баштады.

Терек-Сай айылындагы алтын кен фабрикасынын курулушу 26-сентябрда премьер-министр Кубатбек Бороновдун жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын катышуусунда башталган. Анда курулуш учурунда 1000ден ашуун адам иш менен камсыздалары, ишкана эксплуатацияга берилгенде 650 туруктуу жумуш орду түзүлүп, анын 90% жергиликтүү тургундар болору айтылган.

«Eti Bakir» Түркиядагы «Cengiz Holding» компаниясына карайт.

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы Ашуу (Перевальное), Терек жана Тереккандагы кендеринин капиталынын 75% - «Eti bakir» компаниясына, 25% «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна тиешелүү.

"Кыргызалтын" ишканасынын маалыматына караганда, бул аймактарда жалпы 70 тоннадай алтындын запасы бар. (NT)

XS
SM
MD
LG