Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Химия боюнча Нобел сыйлыгы эки илимпоз аялга ыйгарылды

Франциялык окумуштуу Эммануэл Шарпантье жана америкалык Женифер Дудна. Франкфурт-на-Майне. 14-март, 2016-жыл.
Франциялык окумуштуу Эммануэл Шарпантье жана америкалык Женифер Дудна. Франкфурт-на-Майне. 14-март, 2016-жыл.

Химия боюнча Нобел сыйлыгы эки илимпоз аялга ыйгарылды. Франциялык окумуштуу Эммануэл Шарпантье менен америкалык Женифер Дудна бул абройлуу сыйлыкка геномду редакциялаганы үчүн татыды.

CRISPR-Cas9 деп аталган геном аркылуу окумуштуулар тирүү организмдердин ДНКсына таамай өзгөртүү киргизе алышат.

Адам денесинде триллиондогон клетка бар, анын ар биринде генетикалык код камтылган спираль бар.

Эммануэл Шарпантье менен Женифер Дудна бул спиралдан керектүү маалыматтарды кесип салуу ыкмасын ойлоп табышты.

«Бул генетикалык жабдык баарыбызга таасир тийгизе ала турган чоң күчкө ээ. Бул фундаменталдык илимде революция гана жаратпастан, дарылоонун жаңы ыкмаларына алып келет», - деди 7-октябрда Химия боюнча Нобел комитетинин төрагасы Клас Густафссон

Нобел сыйлыгы дүйнөлүк өнүгүүгө салым кошкон инсандарга 1901-жылдан бери тапшырылып келатат.

XS
SM
MD
LG