Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Кара-Сууда мыйзамдуулукту талап кылгандар митингге чыгышты


Кара-Суудагы митинг.
Кара-Суудагы митинг.

Митингге чыккандардын айтымында алар мамлекеттик ишканаларды басып алууга, башаламандыкка каршы чогулушкан.

Буга чейин Кара-Суудагы «Туратали» базарынын жетекчилиги отурган имаратка Гүлжигит Айдаров аттуу жеке ишкер кирип алганы маалым болгон. Кийин базар жетекчиси Манас Үсөнов башкаруу анын колунда экенин айткан.

Тынчтык митингине 100гө чукул киши топтолгон. Аларды милиция коштоп жүрөт. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү Кара-Суудагы митинг боюнча кабардар эмес экенин билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматында Кара-Суу районунун акиминин милдетин Капарбек Абдиев аткарып жатат.

Буга чейин Руслан Маматов атуу жаран 6-октябрь күнү өзүн аким деп жарыялаган. Мурунку аким Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалганын Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктаган. (DU)

XS
SM
MD
LG