Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Башаламандыктан беш медицина кызматкери жабыркады


Аянттагы митинг.
Аянттагы митинг.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов медкызматкерлерге кол салынганына жана «Тез жардам» кызматынын автоунаалары талкаланганына тынчсызданып жатканын айтты. Ал бул чыр-чатакка саламаттык сактоо кызматкерлерин кошпоого чакырды.

«Башаламандык учурунда «Тез жардам» кызматынын беш медициналык кызматкери жабыркады жана алты автоунаасы талкаланды. Эки машинени тоноп кетишти. Биз автоунааларды кыйынчылык менен алып, жабдыктар менен камсыз кылганбыз. Мындай башаламандыкта алар жарактан чыгып калып жатат. Бүгүн дагы 13 «Тез жардам» машинеси келди. Аларды саламаттык сактоо мекемелерине бөлүштүрүп беребиз», - деди министр.

5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон жети пайыздык босого чекти өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтары баштаган мөөнөтсүз митинг массалык башаламандыкка айланып, 900дөн ашык адам жаракат алган. Бир киши каза болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG