Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

АКШда вице-президенттикке талапкерлердин дебаты өттү


Камала Харрис жана Майк Пенс.
Камала Харрис жана Майк Пенс.

АКШда шаршембиде кечинде вице-президенттикке талапкерлер республикачы Майк Пенс менен демократ Камала Харристин теледебаты өттү. Солк-Лейк Ситиде уюштурулган дебатта талапкерлер коронавирус пандемиясына каршы чаралардан баштап тышкы саясат, экономиканын абалына чейинки маселелерди талкуулашты. Телетаймаш пандемия маалындагы кабыл алынган чаралардан башталып, Камала Харрис Трамптын бийлигинин бул багыттагы саясатын кескин сынга алды. Ал учурдагы Ак үйдүн аракетин «америка өкмөтүнүн эң ири утулушу» деп атап, акыркы кырдаал Трамптын кайра президенттикке шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратканын белгиледи.

Майк Пенс болсо АКШ бийлигинин пандемия учурундагы аракеттерин колдоп, илдет жайыла баштаган алгачкы күндөн тартып Кытайдан АКШга адамдардын киришине тыюу салынганын эске салды.

30-сентябрда өткөн президенттикке талапкерлердин телетаймашынан айырмаланып, дебат учурунда Харрис менен Пенс көп кайым айтышкан жок. Бирок телетаймаштын алып баруучу Сьюзан Пейж Майк Пенсти бөлүнгөн убакыттан көп сүйлөп жатканын эскертип жатты.

Пандемияга байланыштуу эки талапкер төрт метрлик аралыкты сактап, ортосуна айнектен такта коюлду.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Буга чейин 30-сентябрда президенттикке талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байдендин алгачкы дебаты өткөн. Шайлоо кампаниясынын алкагында талапкерлер дагы эки жолу телетаймашта жолугушу керек. Бирок президент Дональд Трамп коронавирус жуктуруп алганына байланыштуу кийинки дебаттарга таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG