Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Башкы прокуратура: имаратты эч ким басып алган жок, ишке тоскоолдуктар бар


Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын башкы кеңсеси. Бишкек.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын башкы кеңсеси. Бишкек.

Башкы прокуратуранын имаратын эч ким басып алган жок, мүлкү өз ордунда. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматта башкы прокурордун эки орун басары жана кызматкерлери өз кызмат орундарында иштеп жатканы белгиленип, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кайда экендиги айтылган жок.

Мекеме прокурорлордун ишине тоскоолдуктар болуп, прокуратура кызматкерлери кызматтык имараттар менен документтерди өз күчү менен кайтарып жатканын айтты. Кол кабыш кылган ыктыярчыларга ыраазычылык билдирген.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура «Чоң Казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеевдин президент Жээнбеков менен Матраимовдорго, мурдагы премьер-министр Абылгазиевге карата коррупция боюнча кылмыш иши козголгону, ал иштерди иликтөө Аскер прокуратурасына берилгени тууралуу билдирүүсүнө комментарий бере элек.

5-6-октябрдагы массалык акциялардан кийин Сыймык Жапыкеев өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганын партиялаштары кабарлаган. 8-октябрга караган түнү ыктыярчылар Жапыкеевди Башкы прокуратуранын имаратына киргизбей койгону тууралуу видео Интернетке тарады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, митингчилер президенттин аппараты, парламент жайгашкан имаратты, УКМКнын имаратын ээлеп алып, коррупция үчүн айыпталып камакта отурган жоон топ саясатчыларды бошотушкан. Башаламандыкта ар кайсы топтордун мамлекеттик мекемелерге ээлик кылып, кызмат орундарын ээлеп алган фактылар байкалган. (NT)

XS
SM
MD
LG