Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Трамп америкалык аскерлерди Ооганстандан жылдын аягына чейин чыгаруу ниетин айтты


Ооганстандагы америкалык аскерлер.
Ооганстандагы америкалык аскерлер.

АКШнын аскерлери жылдын аягына чейин Ооганстандан чыгарылышы керек. Бул тууралуу Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайендин билдирүүсүнөн соң айтты. О’Брайен 2021-жылдын башында Ооганстандагы америкалык аскерлердин саны беш миңден эки жарым миңге чейин кыскартыларын билдирген.

АКШнын аскерлерин чыгаруу жөнүндө Кошмо Штаттардын, ооган өкмөтүнүн жана «Талибан» кыймылынын ортосундагы келишимде айтылган эле. Быйыл февраль айында кол коюлган документте америкалык аскер контингентин Ооганстандан 2021-жылдын майына чейин чыгаруу тууралуу каралган. Буга жооп катары талибдер ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жоочуларга каршы күрөштө ооган өкмөтүнө жардам бериши керек экендиги белгиленген.

АКШ Ооганстанга аскерлерин 2001-жылы киргизип, эл аралык террорчуларга каршы аскер өнөктүгүн жүргүзүп келет. Ал жылы АКШ Ооганстанга 100 миңдеген аскерин жөнөтсө, быйыл жазында келишимге кол коюлган учурда бул өлкөдө 10 миңден ашык америкалык аскер бар экени кабарланган. «Талибанга» каршы согуш башталгандан бери АКШ аскер күчтөрүнүн 2300 жоокери каза таап, 20 660 жоокер жарадар болгон. Бириккен Улуттар Уюму Ооганстандагы адам курмандыктарынын санын 100 миңден ашты деп эсептеген.

XS
SM
MD
LG