Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Франция Мухтар Аблязовду кармап, кайра бошоткону кабарланды


11 жылдан бери Европада бозгунда жүргөн Мухтар Аблязов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына 5-октябрда аны француз полициясы кармап кеткенин жазып чыкты.

Анда оппозициячыл саясатчы эки күн абакта отурганын жана чуулгандуу окуянын чоо-жайын кийинчерээк түшүндүрүп берерин билдирген.

Мухтар Аблязовдун адвокаттарынын бири Жерар Чолакян «France-Presse» кабар агенттигине билдиргендей, оппозициячыл саясатчыга Казакстанда козголгон кылмыш иши боюнча «7,5 миллиард доллар уурдаган» деген айып коюлган.

Аблязовго ошондой эле Орусия жана Украина да издөө салган. Бул өлкөлөр аны миллиарддаган долларларды уурдаган деп айыпташууда.

БТА банк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, Казакстандын мурдагы энергетика, өнөр жай жана соода министри, «Казакстандын демократиялык тандоосу» оппозициялык кыймылын негиздөөчү Мухтар Аблязов 2009-жылы саясий башпаанек алып Улуу Британияга качып кеткен. 2018-жылы Казакстандын Тараз шаардык соту 2004-жылы «Туран Алем» банкынын башкы менежери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп таап, экс-банкир Аблязовду өмүр бою сыртынан кескен. Ошондой эле Аблязов «Мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кылмыштуу топту уюштуруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, сот аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Аблязов бардык айыптарды четке кагып, өзүн саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG