Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Кыргызстандагы юристтер президентти кызматтан кетүүгө чакырышты


Бишкек. Өкмөт Үйүнүн алдында турган митингчилер. 8-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек. Өкмөт Үйүнүн алдында турган митингчилер. 8-октябрь, 2020-жыл.

Юристтердин 8-октябрда элге, саясий партияларга, саясатчыларга, бийликке жана жарандык коомго багытталган кайрылуусунда Кыргызстандагы соңку саясий кризистен чыгыш үчүн сегиз сунуш айтылган.

Кризистен чыгыш үчүн биринчи кезекте кыргызстандыктар тынчтыкты сакташы керек экендиги белгиленген. Кайрылууга кол койгондор туруктуулук үчүн президентти Конституциянын 66-беренесине ылайык өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө чакырышкан.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш премьер-министрлик кызматка талапкерлерди жана өкмөттүн курамын бекитиш үчүн токтоосуз жыйынга чогулушу керек экендиги айтылат. Жаңы өкмөт бекитилбеген учурда азыркы өкмөттүн жана бардык мамлекеттик органдардын иштешин камсыз кылуу, укук коргоо органдарынын, Коопсуздук кеңешинин ишине шарт түзүү зарыл экени белгиленет.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүү тууралуу маселени тезирээк чечиши абзел экени эске салынат. Саясий партиялардын, жарандык коомдун, ишкер жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү саясий туруктуулукту жана Жогорку Кеңештин аракеттерине байкоо жүргүзүшү керек экени айтылат. Мыйзамдуу парламент шайлангандан кийин «Люстрация жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, соттордун ишинин коопсуздугун камсыздоо сунуш кылынган.

Кайрылууга юристтер Чолпон Жакупова, Гүлнара Каликова, Сания Токтогазиева, Таттыбүбү Эргешбаева, Кыргызстандын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору, «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук биримдиги, Адвокаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Бабаев, Юридикалык клиникалар бирикмеси, «Адилет» укуктук клиникасы, «Таза шайлоо» ассоциациясы, «Жарандык платформа», «Жалпы иш», «Эгль» коомдук фонддору, Социалдык технологиялар агенттиги жана Медиа өнүгүү борбору кол койгон.

Анда кайсы бир саясий партияларга кирбеген юристтер кайрылуу жазып жатканы айтылып, алар саясатчыларды өлкөнү жарандык согушка жол бербөөгө чакырышкан. Азыр жарандарга туруктуулук жана коопсуздук керек экени, мамлекетте мыйзамдын иштеши маанилүү экени, коомго конституциялык бийлик керек экени жазылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен.

6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG