Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Шыкмаматов: «Бир Бол» партиясы шайлоого даярданат


Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Бир Бол» партиясынын депутатыкка талапкери.

«Бир Бол» саясий партиясынын тизмесин баштап чыккан саясатчы Алмамбет Шыкмаматов партия убактылуу өкмөткө талапкер көрсөтпөй турганын «Азаттык» радиосуна билдирди:

«Биздин партия парламенттик шайлоого даярданат. Убактылуу өкмөткө бир да мүчөнү сунуш кылбайбыз. Бардык саясий партияларды жана тараптарды бир пикирге келип, түзүлгөн оор кырдаалдан сүйлөшүү жолу менен чыгууга чакырам. Партия лидерлерин шайлоого даярдангыла деп үндөйт элем. Убактылуу премьердин креслосу үчүн элди бөлүп, кагылышууга алып барып жатышканы мени өкүндүрөт».

Буга чейин өкмөт башчылыкка саясий партиялар сунуш кылып жаткан талапкерлердин арасында «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов да бар экендиги тууралуу маалымат тараган. Алтынбек Сулайманов өзү буга комментарий бере элек.

«Бир Бол» партиясы 4-октябрда өткөн парламенттин VII чакырылышына шайлоодо жети пайыздык босого чектен өткөн эмес. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир нече партия тарапташтары менен 5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында каршылык акциясына чыгып, демонстрация башаламандыкка айланган.

Күч түзүмдөрү менен митингчилердин кагылышуусунан миңге чукул адам жараланып, бир киши каза болду. Андан бери уланган саясий кырдаал улам курчуп, өкмөттү дайындоо, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны сыяктуу жараяндар ишке ашпай келет. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG