Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Бишкек: Көчөгө аскердик техника коюлду


"Тунгуч" кичи району. 2020-жылдын 10-октябры.
"Тунгуч" кичи району. 2020-жылдын 10-октябры.

Бишкекте өзгөчө абал жарыяланганы шаардын аймагына посттор коюлуп, аскердик техника тартылды. “Азаттыктын” кабарчыларынын маалыматына караганда, алардын бири борбор калаанын түндүк-чыгыш четиндеги Туңгуч кичи районунда. Автожолдун боюна чатыр тигилип, жанына БМП (аскердик жөө машина) коюлганын, аскер кийимчен жана куралчан кызматкерлер жүргөнүн көрүүгө болот.

Мындай посттордон жалпысынан канчоо коюлганы белгисиз. Шаар бийлиги, милиция жана Куралдуу күчтөдүн Башкы штабы расмий маалымат бере элек.

9-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режими киргизилген. Жарлыкка ылайык, саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болуп, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Шаарда атайын комендатура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалды.

Бүгүн, 10-октябрь күнү Өкмөт үйүнүн алдына саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин аны колдоо боюнча митингин уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG