Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Бишкекте түндө талап-тоноо фактылары катталган жок


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкекте 10-11-октябрдын түнү тынч өттү. Бишкек комендатурасынын маалыматына караганда, мүлккө зыян келтирүү, талап-тоноо боюнча фактылар болгон жок.

Учурда комендатурада "сall-борбор" иштеп жатат. Ал аркылуу жарандардын кайрылуу-даттануулары кабыл алынат.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы кырдаалга байланыштуу 10-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын негизинде комендатура түзүлгөн. Аны ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жетектей баштаган.

Коменданттык саат 21:00дөн 05:00гө чейин болот. Бишкектин ичинде жана четинде 15 блокпост орнотулган.

Коменданттык саат учурунда аэропортко бара жаткан же ал жактан келе жаткан жүргүнчүлөр билет жана паспорттору менен посттон өткөрүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG