Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:23

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов ишин улантууда


Өткүрбек Жамшитов

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов кызмат ордунда экендигин, 11-октябрда өздүк курамдын, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун райондук прокурорлору менен ыкчам кеңешме өткөргөнүн мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

5-6-октябрдагы массалык акциялардан кийин Сыймык Жапыкеев өзүн элдик башкы прокурор кылып дайындаганын партиялаштары кабарлаган. 8-октябрга караган түнү ыктыярчылар Жапыкеевди Башкы прокуратуранын имаратына киргизбей койгону тууралуу видео Интернетке тараган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан 5-октябрдагы нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, митингчилер президенттин аппараты, парламент жайгашкан имаратты, УКМКнын имаратын ээлеп алып, коррупция үчүн айыпталып камакта отурган жоон топ саясатчыларды бошотушкан. Башаламандыкта ар кайсы топтордун мамлекеттик мекемелерге ээлик кылып, кызмат орундарын ээлеп алган фактылар байкалган.

Өлкөдөгү саясий кризиске байланыштуу президентЖээнбеков Бишкек шаарында өзгөчө кырдаал жарыялаган. 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны Садыр Жапаровдун талапкердигин бекиткен. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG