Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

Аида Касымалиева кезексиз жыйында Урмат Самаев өзүн жана башка депутаттарды коркутканын билдирди


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Биримдик" партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип чыкты.

Ал 11-октябрда парламенттин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаев "добуш бересиң" деп коркутканын, мындай опузага башка депутаттар да кабылганын "Азаттыкка" билдирди. Бирок ал депутаттардын ысымдарын ачык айткан жок.

"Кечээги жыйында премьер-министрди дайындоо эмес, премьер-министрдин программасын жана өкмөттүн курамын бекитүү маселеси каралды. Депутаттардын көпчүлүгү, жок дегенде 61 депутат ошол жыйында отуруш керек эле. Кечээ мен барда 46 депутат отурган. Алты ишеним кат. Бирок мен чыгып кеттим. Себеби, биз бир сааттан ашык отуруп калдык. Кворум такыр болбой атты. Мен катышкым келген жок. Анткени, башынан эле мыйзамсыз болоруна көзүм жетти. Анын үстүнө ошол жерде "силер ушул жерге келесиңер, добуш бересиңер" деп депутат Урмат Самаев коркутуп жүрдү. Менин жеке өзүмдү да коркутту. Аттарын айта албайм, бирок бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна келтирип атты. Ар кимге чалып, "келесиңер, добуш бересиңер, болбосо каршы добуш бергендерди үйүңөргө чейин барып тытмалап кетебиз деген сөз болду", - деди Аида Касымалиева.

Депутат "Фейсбуктагы" баракчасына мыйзамсыздык болгону үчүн кезексиз жыйындан чыгып кеткенин буга чейин жарыялаган.

Депутат Урматбек Самаевдин өзү менен байланышуу, Аида Касымалиеванын билдирүүсү тууралуу комментарий алуу боюнча аракет азырынча натыйжа бере элек. Башка маалымат булактары Касымалиеванын билдирүүсүн Самаев төгүндөгөнүн жазды.

Садыр Жапаровдун тарапкерлери сессия мыйзамдуу өткөнүн айтып жатышат. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков "Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду" деп билдирди "Азаттыкка".

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен.

Буга чейин КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Дастан Бекешев "Азаттыкка" кворум болбогонун, жыйында регламент тууралуу мыйзам бузулганын билдирген. Бекешев өзү жыйынга катышкан эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG