Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

9-октябрдагы башаламандык үчүн кармалган төрт адамдын бөгөт чарасы каралат


Бүгүн, 12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязовдун, Канат Сагымбаевдин жана Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы каралат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Ошондой эле бүгүн Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун да бөгөт чарасы каралат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган. Ошондо абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган. Алар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг башаламандык менен аяктап, милиция иш козгогон.

Атамбаев эки жансакчысы: Канат Сагынбаев жана Дамир Мусакеев менен «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG