Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 12-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада вирус жугузуп алган дагы беш киши кайтыш болду.
Анын үчөө Ош облусунда, бирөө Ош шаарында, дагы бири Талас облусунда катталды.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1090го жетти. 18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Акыркы жумаларда Кыргызстанда коронавирустун жайылышы кескин күчөдү. Оору жугузуп алгандардын көбөйгөнү акыркы күндөрдө көп байкалууда. Расмий эсепке караганда, вирус күн сайын 300дөй кишиден лабораториялык жол менен аныкталып жатат.
12-октябрга карата соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы 298 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 49 528ге жетти. Анын 44 522си сакайганы айтылды. Бир күндө 127 киши ооруканалардан айыгып чыкты.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 1737 бейтап стационарда, 1725и үй шартында дарыланууда. (NT)