Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Муфтият: Тынчтык жана аманчылык үчүн Куран хатым окула баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы бардык дин кызматкерлерине Куран хатым окуу боюнча тапшырма берилди. Бул тууралуу 12-октябрда “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди. Анын айтымында, муфтий Максатбек Токтомушев Куран хатымды мамлекеттин туруктуулугу, элдин ынтымагы жана өлкөнүн өнүгүшү үчүн окууну буюрду.

Муфтий дин кызматкерлерине кайрылып, коронавирус көрсөткүчү кайра жогорулай баштаганын, андыктан өлкөнүн келечегин, элдин амандыгын тилеш керек экенин айтты жана “Алла-Таалага кайрылып, мындай оорунун кайра кайталанбашын, элибизге өзүнүн залакасын тийгизбешин жалбарып сурайлы!» деди.

Муфтий ар бир окулган Куран хатымды эсепке алууну муфтияттын аппарат башчысы Равшан Эратовго тапшырып, дин кызматкерлерин бул иште кайдыгер болбоого жана Куран окуганды билген бардык жарандарды Куран хатым окууга чакырды.

Куран хатым – мусулмандардын ыйык китеби болгон Куранды башынан аягына, биринчи саптан эң акыркысына чейин толук окуп чыгуу.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, миңден ашуун адамдын өмүрүн алды. Сентябрда абал жакшырганы менен, соңку эки жумадан бери бул ооруга чалдыккандар да, каза болгондор да кайра көбөйүп жатат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкө азыр саясий кризисте турат. Борбор шаардагы башаламандыкта бир адамдын өмүрү кыйылып, жүздөгөн адам жараат алды. (RK)

XS
SM
MD
LG