Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Депутат Самаев вице-спикер Касымалиеванын билдирүүсүнө жооп кайтарды


Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев вице-спикер Аида Касымалиевага жооп кайтарып, 10-октябрда депутаттарды кезексиз жыйынга чогултууга тиешеси болбогонун «Азаттыкка» билдирди:

«Аида Касымалиева менен бир эле жолу жолуккам, жанында депутаттар бар болчу. Түз эфирде көрсөтүлүп жатты. Аида менен мен сүйлөшпөсөм, же жалгыз бир жакка колунан сүйрөп баратсам бир жөн. Эмнеге андай кылып жатат, билбейм. Буга чейин деле мамилем түз болчу. Депутаттардын эң жашы болсом, баарын көтөрүп баргыдай алар оокат же буюм эмес да. Ар биринин ою, артында кишилери бар».

Депутат Касымалиева Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйынында кызматташы Самаев «добуш бересиң» деп коркутканын «Азаттыкка» билдирген:

«Анын үстүнө ошол жерде «силер ушул жерге келесиңер, добуш бересиңер» деп депутат Урмат Самаев коркутуп жүрдү. Мени да коркутту. Аттарын айта албайм, бирок бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна келтирип атты. Ар кимге чалып, «келесиңер, добуш бересиңер, болбосо каршы добуш бергендерди үйүңөргө чейин барып тытмалап кетебиз» деген сөз болду».

Депутат Урматбек Самаев өзүнүн кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу айтылып келаткан пикирлерди да төгүндөп, «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев менен тааныштыгы тууралуу буларды айтты:

«Ал киши ат чабат, улак тартат. Көргөн жерден учурашып калабыз. Мен «Көк бөрүнүн» вице-президенти, «Аргымактын» президенти болгом. Тааныбайм деген жерим жок. Бирок, алардын буйругу менен иш кылган жерим жок».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы ондон ашуун саясий партия Бишкекте митинг өткөрүп, бул акция бийликтин башкы имаратына кирип баруу менен аяктаган. Ошондон бери өлкөдө саясий кризис өкүм сүрүүдө. (BTo/RK)

XS
SM
MD
LG